• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкек шаарына метро качан куруларын Асаналиев Жыргалбек айтып берди (видео)

16 Жалган куран 2018 16:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.03.2018.Govori.TV
Шаардагы калктын саны миллиондон ашкандан кийин гана метро курса болот. Куруучу экономистерибиз бул боюнча атайын эсептеп чыгышат. Бул туурасында Govori.TV сайтына Бишкекти долбоорлоо институттун директору Асаналиев Жыргалбек билдирди.
«Метро  боюнча атайын куруучу экономистерибиз эсептеп чыгышат. Мындан сырткары атайын метро куруучулар келишип шаардын элин, куруучу жерди инфраструктурасын тактап  курууга мүмкүн, мүмкүн эмес экендигин билдиришет.  Метрону куруу боюнча 2010-жылга чейин  атайын чет жактан инвесторлор келишип баардыгын изилдешкен. Бирок, метро курууга азырынча эрте экенин билдиришкен. Эгерде шаардын мүмкүнчүлүгү келип,  өкмөт каражаттан жардам берсе  курса болот» -дейт Асаналиев.
Мындан сырткары  метро куруу боюнча   Ибраимов, Фучик көчөсүндө каралып “Манас” аэропортуна чейин куруу мурда каралган. Бул биздин азыркы генпланда да бар, бирок куруунун планы инвесторлорго көз каранды  деп кошумчалады.

Белгилей кетсек «Борбор шаардын Так пландаштыруу планында 7 линиялуу метро салуу пландалып жатканын Акипресс сайты жазып чыккан.

Эске салсак, борбор шаардын Так пландаштыруу планы 9-апрелде коомдук талкууга чыгат. Планга Бишкектин шаардын борбордук бөлүгүндөгү 3540 гектар жер аянты кирген. Бул аянт Жибек Жолу, Курманжан Датка, Шабдан баатыр, Ахунбаев, Садырбаев жана Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы төрт бурчтукту камтыйт.

 

 

Количество просмотров: 52