Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева шаарга караштуу мектептерди Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүү тууралуу идеяга өзүнүн пикирин билдирди.
Вице-мэр маалымат жыйынында белгилегендей, азыркы учурда Бишкек шаарынын билим берүү тармагына бюджеттен 4,7 млрд сомго жакын каражат каралса, анын 3,3 млрд сому кызматкерлердин эмгек акысына жумшалат.
«Учурда борбор калаадагы мектептер менен бала бакчаларды Билим берүү министрлигинин карамагына өткөрүү маселеси каралып жатат. Белгилүү болгондой, өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелери министрликтин карамагында, бирок Бишкек гана өзгөчө статуска ээ. Бул шаардык бюджеттен каржылоого байланыштуу. Эгерде министрлик тейлөөгө акча тапса, анда маселени чечебиз», — деди Мозгачева.