• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкек шаарына жаңы мэр дайындалды

24 Бирдин айы 2022 16:16 Бишкек Govori.TV

Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-февралда Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.

Эске салсак, Эмилбек Абдыкадыров 2021-жылы №21 Талас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Ал 2020-жылы Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта логистикалык борборго инвестор болорун билдирген кытайлык ишкер Лю Индин Кыргызстандагы өнөктөшү экени белгилүү.

Буга чейин президент Жапаровдун дагы Жарлыгына ылайык, Бишкек мэри Айбек Джунушалиев кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 61