Бишкек шаарынан Россияга 22-августтан тарта 1-сентябрга чейин 9 аба каттамын уюштуруу пландалган. Мындай маалыматты Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Аба каттамдар:
— 22-августта Бишкек–Санкт-Петербург (07:35, «Урал авиалиниялары»);
— 23-августта Бишкек–Москва (16:20, «Аэрофлот»);
— 23-августта Бишкек–Новосибирск (18:10, «S7»);
— 25-августта Бишкек–Жуковский (убактысы тактала элек);
— 26-августта Бишкек–Екатеринбург (5:00, «Урал авиалиниялары»);
— 29-августта Бишкек–Санкт-Петербург (07:35, «Урал авиалиниялары»);
— 30-августта Бишкек–Москва (16:20, «Аэрофлот»);
— 30-августта Бишкек–Новосибирск (18:10, «S7»);
— 1-сентябрда Бишкек–Жуковский (убактысы тактала элек) багытындагы учак учат.