Бишкек шаарында 14 жаштагы кызды унаа коюп кетти. Бул туурасында маалыматты ШИИББден маалымдашты.
Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу өспүрүмдү 16-августта Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишинен коюп кеткен.. Айдоочу күбөлөр тарабынан кармалып калган. Андан соң, аны милиция кызматкерлери алып кеткен.
ШИИБден маалыматына ылайык, жаракат алган кыз ооруканага жаткырылды.
Ал эми Тез жардам кызматына кырсык болгон жерден чакыруу түшкөн эмес.