Бишкек шаарында көк чөптө уйлар оттоп жүрөт. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Лейла Саралаева өзүнүн баракчасы аркылуу жарыялады.
«Урматтуу Бишкек шаарынын мэриясы! Эмне үчүн борбор калаага газондорду уйлар оттосун деп отургузуп жатасыңарбы? Фермерлер тарабынан бул кандай кенебестик? бир жылкы, же уй! Ал эми МАИчилер дагы жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөшү керек, бирок бул учурда эч кимдин иши жок», — деп жазат ал.
