• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек шаарында жол кире 5 сомго көтөрүлөт

28 Аяк оона 202116:42 Бишкек Govori.TV

Бишкекте маршруттук каттамдардын жол акысы көтөрүлөт. Мындай чечим бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынды.

«Бишкек шаардык кеңешинин транспорт чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомдун долбооруна 33 депутат «макул», «каршы» — 2, 1 — калыс деп добуш берди.

Ага ылайык, коомдук транспортко жол киренин баасын 1-ноябрдан тарта көтөрүлөт. Маршруткадагы жол акы 15, автобус менен троллейбустардыкы 11 сом болот.

Белгилей кетсек, Бишкектк коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. 2021-жылы июнь айынын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, иш таштаган.

Количество просмотров: 378