Бишкек шаарынын мэри Свердлов районунун башчысы Кубанычбек Айтакуновго эскертүү берди. Аким эскертүүнү «Комсомол» көлү боюнча берилген тапшырмаларды өз убагында аткарбагандыгы үчүн алды. Мэр Айбек Жунушалиев аймакты көрктөндүрүү, тактап айтканда тротуарды, пирсти реконструкциялоо иштери али аяктай электигине нааразы болуп, кыска мөөнөттө көлдүн айланасын көрктөндүрүү боюнча бардык иштерди сапаттуу жыйынтыктоону тапшырды.
Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев коомдук тартипти сактоо, жарандардын эс алуусун уюштуруу максатында куткаруу кызматынын ишин камсыз кылуу, көлдөгү сууга зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык текшерүүлөрдү жүргүзүү зарылдыгын айтып, акимди милдеттендирди.