• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкек шаарынын прокурору жумуштан алынды

7 Баш оона 2021 9:00 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратуранын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык прокуратурасынын бир катар кызматкерлери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, Бишкек шаарынын прокурору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Көзөмөл органы кайсы бир ЖЧК тарабынан жазылган арыз боюнча баш калаанын прокуратурасынын кызмат адамдарынын аракеттери мыйзамдуу жана негиздүү экенин аныктоо максатында текшерүү жүргүзүшкөн.Текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек шаардык прокуратурасы тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан курулуш компаниясына турак жай комплексин куруу үчүн уруксат берүүчү документтердин мыйзамдуулугун текшерген. Анын жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар аныкталбаса дагы, шаардык прокуратуранын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен тиешелүү органдарга негизсиз прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, материалдар дагы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине негизсиз түрдө катталгандан кийин курулуш компаниясынын жетекчиси кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

«Башкы прокуратуранын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаардык прокуратурасынын бир катар кызматкерлери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылышып, борбор шаардын прокурору кызматынан бошотулду»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №3 «Менчикти коргоо жана ишкерлерди менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгынын ылайык, укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын ишкердик субъектеринин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүсүнө, ишкердик ишине тоскоолдук кылуусуна тыюу салынган. 

Количество просмотров: 540