Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиевдин ишин башкы прокурорго кайтарып бергени белгилүү болду.
Райондук соттун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, материалдар тергөөгө, айыптоонун классификациясын алмаштырууга же жаңы айыптоо актын түзүү үчүн кайтарылган.
Тиешелүү токтомду Биринчи май райондук соту 29-июлда чыгарган.
Эске салсак, 2023-жылы 27-декабрда ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга парламенттен уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.
2024-жылы 10-январда парламент аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.