• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек — Сокулук багытында жүргөн автобус каттамы ишке кирет 

19 Бештин айы 202410:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-декабрдан тарта Бишкек — Сокулук (Сары-Өзөн) багытында жүргөн № 32 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, акыркы аялдама тоок фабрикасында жайгашат. Күн сайын 25 автобус каттамга чыгат, жүрүү аралыгы 10-14 мүнөттү түзөт.
Жол кире акысы 35 сом. Ал эми Бишкек шаарынын аймагында 20 сом.

«Автобус каттамы Сокулук районунун тургундарынын өтүнүчү менен ачылды. Жол кире акысы Сары-Өзөн айылдык кеңешинин чечими менен 35 сом болуп бекитилди», — деп айтылат маалымат.

Белгиленгендей, туруктуу каттам ачылгандыктан, убактылуу иштеп жаткан № 19 автобус каттамы ишин токтот. Бажы жана катоо процедураларын аяктаса, Isuzu үлгүсүндөгү автобустарга алмаштырылат.

Количество просмотров: 160