• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сокулукта 9 жаштагы Нурислам Шайдуллаев изделүүдө

27 Жалган куран 202610:16 Бишкек Govori.TV

Сокулукта 9 жаштагы Нурислам Шайдуллаев изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 26-мартта саат 16:00дө Шопоков шаарынын Достук көчөсү, №43 үйүнөн велосипед менен ойноп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Бул факты боюнча материал катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилери: бою 120 см, арык дене түзүлүштө, чачы күрөң, көздөрү кара. Өзгөчө белгилери жок.

Кийген кийимдери: ак футболка, көк шым.

Милиция Нурислам Шайдуллаевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө төмөнкү байланыш номуру аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөт: 0312 60-75-67.

Количество просмотров: 144