• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сокулукта оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды

26 Жалган куран 202616:25 Бишкек Govori.TV

Сокулукта мыйзамсыз менчиктештирилген оорукананын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук ооруканасынын аймагындагы 226 чарчы метр жер тилкесиндеги имарат мыйзамсыз сатылганын аныктады.

Бул мүлк 2007-2008-жылдары мурдагы Н.Крупская айыл өкмөтү тарабынан талаптарды бузуу менен жеке менчикке берилип кеткен.

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу максатында прокурордук акт келтирилип, натыйжада баасы 5 млн 802 миң 307 сомду түзгөн имарат жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттик менчикке кайтарылып, Сокулук райондук ооруканасына бекитилип берилди.

Количество просмотров: 152