• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүй облусунда бир катар каттамдар убактылуу чектелет

25 Аяк оона 202511:18 Бишкек Govori.TV

Темир жол өтмөктөрүндө жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Чүй облусунда бир катар каттамдар убактылуу чектелет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Жабылуучу темир жол өтмөктөр жана айланма жолдор:

24-сентябрь, 08:00–17:00 — Вознесеновкадагы темир жол өтмөгү (Кайыңды – Кара-Балта багыты, Центральная көч.) толугу менен жабылат. Айланма жол: Владимирова көчөсү аркылуу уюштурулат.
25-сентябрь, 08:00–18:00 — Л. Толстой көчөсүндөгү өтмөктө (Т. Фрунзе көчөсүнүн кесилиши) жол бир тилке гана ачык болот. Айланма жол: Т. Фрунзе, Лущихин, Алыкулов, Л. Толстой, Садыгалиев көчөлөрү аркылуу уюштурулат.
26-сентябрь, 08:00–17:00 — Шопоков–Сокулук багытындагы Железнодорожная көчөсүндөгү өтмөк толугу менен жабылат. Айланма жол: Маловодное айылындагы Ленин көчөсү аркылуу жүргүзүлөт.
Ишкана айдоочуларды алдын ала маршруттарын пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Количество просмотров: 154