• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жардыруу жүргүзүлөт. Убактылуу каттам токтотулат

19 Тогуздун айы 2018 9:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.10.2018. Govori.TV
20-октябрда поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 115-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жардыруу иштери автоунаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жараткандыктан саат 11:00дөн тартып, 15-00гө чейин жол толугу менен жабылат.
Ал эми, Ыссык-Көл тарапка баруучу автоунаалар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.
Количество просмотров: 22