• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкек – Алматы жолу аба ырайына байланыштуу убактылуу жабылды

16 Бирдин айы 2024 14:31 Бишкек Govori.TV

 Бишкек – Алматы унаа жолу аба ырайынын начарлашына жана «Кордай» ашуусунун жабылганына байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

УКМКнын Чек ара кызматы айдоочуларга аба ырайынын шарттарын эске алуу менен сапарларды жана маршруттарды пландаштырууну, жолдун ар кайсы тилкелеринде узакка токтоп турууга даяр болууну, ошондой эле эң керектүү нерселерди (тамак-аш, жылуу кийимдер, суу, күйүүчү-майлоочу майлар) камдап алууну сунуштайт.

Количество просмотров: 118