• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкек — Улан-Батор аба каттамы ачылып, 95 жүргүнчү келди

7 Жалган куран 202210:46 Бишкек Govori.TV

«Манас» эл аралык аэропортунда «Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор» (Монголия) багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Бул тууралуу аталган аба майдандын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Улан-Батордон Бишкекке биринчи каттам менен 95 жүргүнчү келип, 66 адам учуп кетти.

Белгилей кетсек,  Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы жумасына бир жолу Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор багыты боюнча учат. Болжолдуу учуу убактысы 3 саат 40 мүнөттү түзөт.

Количество просмотров: 175