Жакында Бишкек-Вьетнам түз аба каттамы ишке кирет. Бул тууралуу Манас аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-февралдан тарта Бишкек — Нячанг (Вьетнам) түз авиакаттам ачылат. Каттамдар «Аэрономад» авиакомпаниясы тарабынан жумасына үч жолу аткарылат.