• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

28 Кулжа 202414:17 Бишкек Govori.TV

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Катуу шамал учурунда:
— Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
— Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
— Көз айнек кийиңиз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

Теги:
Количество просмотров: 143