• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкек жана Кыргызстан боюнча аба ырайы кандай болот?

12 Тогуздун айы 202521:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидрометтин билдирүүсү боюнча, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрден, айрым жерлерде 15–20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Бишкек 13-октябрь, дүйшөмбү Түнү +9…+11 °C, жамгыр. Күндүз +19…+21 °C, булуттуу.

14-октябрь, шейшемби Түнү +6…+8 °C, ачык. Күндүз +18…+20 °C, булут каптап турат.

15-октябрь, шаршемби Түнү +4…+6 °C, ачык. Күндүз +17…+19 °C, күн ачык.

16-октябрь, бейшемби Түнү +5…+7 °C, ачык. Күндүз +20…+22 °C, негизинен күн ачык.

17-октябрь, жума Түнү +6…+8 °C, ачык. Күндүз +22…+24 °C, күн ачык.

Количество просмотров: 184