• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкек ЖЭБдин кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты

8 Чын куран 2022 14:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек ЖЭБинин кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Чогулгандар ЖЭБдин аймагынын бир бөлүгүн майнинг-ферма ачууга берилип жатканын айтышууда.

«Биз муну токтоткубуз келет. Эки жумадан ашык убакыттан бери кызматкерлер башка жакка көчүрүлөт деген оозеки сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз эч нерсе түшүнө албай жатабыз, эч кандай негиздүү себеп жок. Бул жерде 200дөн ашык адам иштейт. Бул иш-чара эмне үчүн башталганы белгисиз», — деди акциянын катышуучусу.

Түшкү тыныгуу бүтүп калгандыктан, бөлүм башчы кызматкерлерди кирип, ишин улантууну суранды.

Количество просмотров: 266