• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкек жылуулук борборунда авария? Мектептер онлайн окууга өтүштү

2 Бирдин айы 2024 7:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар 5-февралга чейин онлайн окууга өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан govori.tv сайтына билдиришти.

Чечим кабыл алынганы белгиленип, бирок бул ТЭЦтеги аварияга байланыштуубу же жокпу тактала элек.

Тургундар үйлөрүндө жылуулук өчүрүлгөнүнө нааразы постторду социалдык баракчаларына жазып чыгышты.

Ушундай эле билдирүүлөр социалдык тармактарда да таратылууда.

Бүгүн түнү Бишкек жылуулук борборунда авария болгондугу тууралуу, социалдык тармактарда кабарланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, казандардын бири жарылган. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Расмий маалымат бериле элек.

Количество просмотров: 488