• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мектептерде кагаз күндөлүктөр жана класстык журналдар болбойт

5 Баш оона 202517:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандагы мектептерде 2025-2026-жаңы окуу жылынан баштап кагаз күндөлүктөрүнөн жана «кызыл журналдардан» толугу менен баш тартылат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева педагогикалык форумда билдирди.

Анын айтымында, бул билим берүү системасына санариптик шаймандарды активдүү киргизүүнүн аркасынан мүмкүн болду.

«Бүгүнкү күндө өлкө боюнча окуучулардын бардык маалыматтарынын 90%ы санариптештирилген: демографиялык маалыматтардан жана социалдык статусунан баштап, сабакка катышуусуна жана жетишкендигине чейин. Бул маалыматтар мектептердеги кырдаалды талдоо жана мектеп администрациясынан баштап министрликке чейинки бардык деңгээлде чечимдерди кабыл алуу үчүн жаңы иш деңгээлинин негизи болуп калды. Эми бүт окуу процесси – баа коюудан баштап ата-энелер менен баарлашууга чейин – электрондук форматта жүргүзүлөт. Мугалимдер, окуу бөлүмүнүн башчылары, директорлор, ата-энелер – баары «Күндөлүк» системасына жана башка санариптик платформаларга өтүшөт. Бул жөн гана кагазды алмаштыруу эмес, бул билим берүүнү башкарууга жаңы ыкма», — деди Самыкбаева.

«Күндөлүк» тиркемесинде ата-энелер реалдуу убакыт режиминде балдарынын бааларын, үй тапшырмаларын, сабактардын убактысын, электрондук окуу китептерин жана окуусу тууралуу башка маалыматтарды көрө алышат.

Мугалимдер, өз кезегинде, сабактын темаларын белгилеп, баа коюп жана сабакка катышуусун белгилешет, ал эми мектеп администраторлору чечим кабыл алуу үчүн маалыматтарды талдашат.

Системадагы өзүнчө модуль азыр инфраструктурага тиешелүү: мектептер имараттардын, эмеректердин, жабдуулардын абалы жөнүндө маалыматтарды киргизе башташты. Бул, Билим берүү министрлигинин өкүлүнүн айтымында, келечекте бюджетти туура пландаштырууга жардам берет: мисалы, эмерек жана техника сатып алуу же учурдагы имараттарга күч келтирүү өтө жогору болгон жерлерде жаңы мектептерди куруу.

Персоналдык маалыматтарды коргоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул үчүн көп деңгээлдүү жеткиликтүүлүк системасы киргизилген.

Количество просмотров: 226