• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекке Екатеринбургдан 186 кыргызстандык учуп келди

14 Теке 20209:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июлда «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бишкекке Кыргызстандын 186 жараны учуп келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул чартердик каттам КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн жүргүзүлгөн иштердин алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн жана чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам мекенине келе албай жаткан жарандар үчүн ишке ашырылды.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Количество просмотров: 67