• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бишкекке Ирандан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

3 Баш оона 2020 16:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекке Ирандан Кыргызстандын жарандары кайтып келди, — деп билдирет Республикалык штаб.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 3-августта КР Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарабы менен биргеликте Иран Ислам Республикасынан 16 кыргыз жаранын кайтарып келүү иши аткарылган.

«КР жарандары Тегеран шаарынан «Kish Airlines» иран авиакомпаниясынын чартердик рейси менен Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келишкен, ал жактан алар Бишкек шаарына атайын унаа менен чыгарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Количество просмотров: 65