• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ТИМ Калифорниядагы өрткө байланыштуу ошол жактагы кыргызстандыктарга кайрылды

10 Үчтүн айы 202512:12 Бишкек Govori.TV

Калифорнияда (АКШ) өзгөчө кырдаалдын жарыяланышына жана токой өртү боюнча кырдаалдын курчушуна байланыштуу Чикагодогу КР Башкы консулдугу бул аймакта жайгашкан Кыргызстандын жарандары менен байланышта. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Учурда Лос-Анжелес аймагындагы токойдогу өрттүн кесепетинен жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары азырынча жок.  
КР Тышкы иштер министрлиги Калифорнияда жүргөн жарандарга күчөтүлгөн коопсуздук чараларын, кыраакылыкты сактоону жана өрт чыккан аймактарга баруудан баш тартууну сунуштайт. 
Өзгөчө кырдаалдар же кыйынчылыктар жаралса, Кыргызстандын Чикагодогу Башкы консулдугунун ишеним телефонуна +1 312 929 34 42 кайрылыңыздар. 
Количество просмотров: 268