Калың жааган кардын кесепетинен улам Бишкекте транспорт кыйынчылыгы жаралды. Автобустарга эл батпай, коомдук транспорт жетишпей, жүргүнчүлөр үйлөрүнө жетпей убара.
Андан тышкары жол тайгак болуп трассаларда тыгын жаралды. Тазалык ишканасына жана мэриянын дарегине сын айтылып жатат.