• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекке Минсктен 164 жаран учуп келди

13 Теке 2020 10:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Минск-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 164 жараны кайтып келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул чартердик каттам КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн жүргүзүлгөн иштердин алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн жана чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам мекенине келе албай жаткан жарандар үчүн ишке ашырылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси мурда берилген билдирүүлөргө ылайык Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилиги тарабынан Европа өлкөлөрүндөгү чет өлкөлүк мекемелер менен өз ара аракеттешүүсүндө түзүлгөн .

Бул каттам менен Кыргызстан жарандары, анын ичинде Австрия, Беларусь, Бельгия, Улуу Британия Германия, Греция, Италия, Литва, Польша, Украина, Франция, Филиппин, Франция, Норвегия, Швейцария, Швеция, Түштүк Африкадагы өлкөлөрүнөн студенттер кайтып келген.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Количество просмотров: 41