• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкекке Москвадан 393 кыргызстандык келди

24 Баш оона 2020 9:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 393 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-августта бул каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Президент жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия менен Кыргызстандын тышкы ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде ишке ашырылган.

ТИМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Количество просмотров: 88