• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекке Москвадан 437 кыргызстандык алынып келинди 

14 Кулжа 2020 10:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-июнда, Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия авиакаттамдары» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» каттамы боюнча рейс учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бул каттам менен Россиядан Кыргызстандын  437 жараны кайтып келди. Анын ичинде кичинекей балдар дагы бар.

  Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Россия жана Кыргызстандын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында жүзөгө ашырылган.

Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондугуна жана борттогу орундуктар чектелүү болгондугуна байланыштуу, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынан жана Россиядагы Кыргызстандын Элчилигинин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Алсак, каттамга алгач төрөтү  жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар тандалып алынган.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Количество просмотров: 45