• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекке Турциядан кыргыз жарандары келди

15 Теке 2020 13:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июлда Кыргызстанга Турциядан 330 КР жараны келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Биздин жарандар «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын «Стамбул-Бишкек-Стамбул» багыты боюнча Кыргызстандан Турциянын, Турциядан Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти.

Бул каттам КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, бул каттам менен Турциянын эл аралык авиакаттамдардын жаңыланышына жана чет өлкөлүк жарандардын киришине чектөөлөрдү алып салуусуна байланыштуу транзиттик которолуп түшүү менен Кыргызстанга биздин жарандар Малайзия, Түндүк Кипр, Япония, Франция, Швейцария, Украина, АКШ, Германия, Вьетнам, Бельгия, Швеция, Чехия, Корея Республикасы, Болгария, Австрия, Испания, Грузиядан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Мекенге кайтаруу боюнча иштер улантылат.

Количество просмотров: 47