Бишкекте Ноорузга карата 1 тонна 200 литр сүмөлөк даярдалды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Ал «Ынтымак сүмөлөгү» деп аталат.
Кошумчалай кетсек, сүмөлөк Ноорузда майрамдык дасторконго коюлуучу негизги тамак болуп эсептелет. Ал өндүрүлгөн буудайдан, өсүмдүк майынан жана буудай унунан жасалат.