• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте № 10 троллейбустун каттамы Интергельпого чейин узартылды

26 Тогуздун айы 20189:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.10.2018. Govori.TV
Бишкекте Москва көчөсү боюнча Фучиктен Интергельпого чейин троллейбус үчүн байланыш түйүнүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, № 10 тролллейбустун каттамы узарат. Мэриядан билдиришкендей, Интергельпо көчөсүндө ЖОЖ, 2 мектеп жана балдар бакчасы жайгашкан. Мындан сырткары Ленин райондук Соцфонд башкармалыгы орун алган.
Байланыш линияларын орнотуу боюнча иштер түнкүсүн аткарылган.
Количество просмотров: 57