• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан-Орусия темир жол каттамы жанданат

25 Бугу 202218:12 Бишкек Govori.TV

Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кыймылы июнь айынан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Самара каттамы 8-июндан тарта каттай баштайт. Каттам Бишкектен жумасына эки жолу шаршемби жана жума күндөрү жөнөйт.

Ошондой эле Бишкек-Казань каттамы 6-июндан тарта, Бишкектен дүйшөмбү күндөрү жумасына бир жолу, ал эми Бишкек-Новосибирск каттамы 9-июндан баштап Бишкектен 8 күндө бир жолу каттайт.

Казакстандын чек арасынан өтүү үчүн COVID-19га карата ПЦР методу менен алынган тесттин терс жыйынтыгы жана берилген күндөн тартып Казакстандын мамлекеттик чек арасын кесип өткөн учурда 72 саат өтпөгөн маалымкат талап кылынат.

Төмөнкүлөргө документтер талап кылынбайт:

— 5 жашка чейинки балдарга;

— Казакстандын өкмөттүк делегацияларынын мүчөлөрүнө;

— Локомотив жана поезд бригадаларынын экипаждарына;

— Казакстанда ревакцинацияны же COVID-19га каршы эмдөөнү толук алгандарга. Жүргүнчү экинчи компонентти алганына 6 айдан ашык убакыт өтпөшү керек жана аны тастыктоочу документти көрсөтүүсү зарыл;

— Казакстандын аймагында жарактуу деп таанылган COVID-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө паспорт/сертификат/маалымкатты көрсөткөн адамдар.

Ал эми Орусияда жүргүнчүлөрдө поездге отуруу үчүн COVID боюнча тапшырган тест жана оору чыккан жок деген жыйынтыгын көрсөткөн документи же «Путешествую без COVID – 19» мобилдик тиркемеси болуусу шарт. Кыргызстанга кирип жатканда чектөө жок.

Количество просмотров: 145