Япониянын борбору Токиодо COVID-19 илдетине байланыштуу өзгөчө кырдаал режими 31-августка чейин узартылганын чет элдик басылмалар жазды.
Бүгүнкү күндө Токиодо Олимпиада оюндары өтүп жатат. Жайкы оюндарга катышууга келген делегациялар менен спортчулардан коронавирус табылууда. Оору жуктурган спортчулар мелдешке катыштырылган жок.
Белгилей кетсек, аталган шаарда өзгөчө кырдаал режими 22-августка чейин киргизилген эле.