Борбордогу «Ала Тоо аянты» шаардыктарды батыра албай калгандыктан, Бишкекке жаңы аянт куруу пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Бул маселени министр Алтынбек Максүтов өлкө жетекчилиги менен талкуулаган. Республикалык масштабдагы маданий иш-чараларды өткөрө турган жаңы комплексти куруу чечими кабыл алынды. Жаңы комплекс 100 миң кишиге ылайыкташат.
«Ала Тоо» аянтындагы эгемендүүлүк майрамын майрамдоо көрсөткөндөй, анын тардыгынан көп киши батпай калды. Жаңы аянт качан жана кайсы аймакта курулаары азырынча талкууланууда, анткени бул узак процесс экендиги айтылды.