• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Бишкекте №11 троллейбустун айдоочусу улгайган аялды «сасып жатат»деп түшүрүп салды (видео)

16 Аяк оона 2019 11:24 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндө  коомдук транспорттун айдоочусу улгайган жүргүнчү аялды түшүрүп салган видео кызуу талкуу жаратты.

Анда №11 троллейбустун айдоочусу улгайган аялды «сасып жатат» деген жүйөө менен транспорттон түшүп кетүүнү талап кылган. Видеодон жүргүнчүлөрдүн бири «Жөн коюңуз, карыган эне түшпөй эле кете берсин» деп суранганын дагы көрүүгө болот.  

Ал эми Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Мукай Асанов буга байланыштуу чогулуш өткөрүүгө камданып жатканын SUPER.KG порталына билдирген.

Бүгүн ал айдоочунун жоругу боюнча ички техникалык кеңешме өтөт. Анда айдоочунун кемчилиги боюнча кандай чечим кабыл алууну кеңешебиз, талкуулайбыз. Видеодогу айдоочунун бизде иштеп жатканына бир жылдай болуп калды. Анын бул кылганы туура эмес, антип транспорттон түшүрбөшү керек болчу,-деген Асанов.



Количество просмотров: 1118