Бишкекте 12 жаштагы Аида Суерова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу изделип жаткан кыздын жакындары билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүм 12-ноябрда саат 14:00 чамасында Тунгуч кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Ал кара түстөгү куртка, саргылт саркеч спорттук кийим, кара шым, бутуна кара бут кийим кийип жүргөн.
Белгилери: бою 140-145 сантиметр, салмагы 40 килограмм, арык.
Милиция кызматкерлери Аида тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0 (755) 07-47-20, 0 (555) 23-04-90.