• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Аламүдүн суусунан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды

29 Кулжа 20267:08 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн суусунан бир нече күндөн бери изделип жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сөөк суудан чыгарылып, андан ары ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Белгилей кетсек, 24-июнда «Теплые Ключи» эс алуу жана дарылоо борборуна жакын жерде 1994-жылы туулган С.Р. аттуу жаран Аламүдүн суусуна агып кеткен. Ошондон бери издөө-куткаруу иштери жүргүзүлүп келген.

Количество просмотров: 7