Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Жогорку Кеңешке талапкерлердин биринин (А.Л.) кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартовго издөө жарыяланганын билдирди. Талапкердин аты-жөнү толук айтылган жок.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек ШИИББдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым бир кандидаттын кызыкчылыгында добуш берүүнү камсыздоо үчүн шайлоочуларга акча сунуштап жүргөн топту аныкташты.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси — «Шайлоочулардын добушун сатып алуу» боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер А.Л.нин жакын туугандары — кызы Исманова Салтанат Мэлсовна, 1988-ж.т., жана жээни Токтосартов Шаабидин Камалдинович, 1998-ж.т. — добуш сатып алуу иштерин уюштургандыгы аныкталды.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 360 миң сом өлчөмүндөгү каражат шайлоочулардын добушун сатып алуу максатында берилгендиги такталды. Бул акча талапкер Л.А.нын шайлоо штабында, анын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов тарабынан өткөрүлгөн. Каражатты бергенден кийин алар добуш сатып алуу схемасын уюштуруу боюнча так көрсөтмөлөрдү берип, шайлоочулардын тизмелерин алуу менен алектенишкен.
2025-жылдын 26-ноябрында талапкердин туугандарына КЖКнын 196-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде (талапкер же анын жакындары жасаган добуш сатып алуу) айып сырттан коюлуп, кармоо чарасы катары СИЗО-1 (№21 мекеме) шартында камакка алуу чечими чыгарылып, аларга издөө жарыяланды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.