«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы борбор калаадагы клумбаларга 150 миң түп жоогазын отургузду. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, жоогазындар Жаштар аллеясында, Курмаржан датканын эстелигинин алдына, Фрунзе менен Ибраимов көчөлөрүнө отургузулган.
Эске сала кетсек, былтыр жазында борбор калаада 130 миң жоогазын гүлдөгөн.