• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте жоогазын көчөттөрү отургузулду

23 Жетинин айы 2023 12:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын гүлзарларына жоогазын көчөттөрүн отургузуу башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жалпысынан быйыл борбор калаанын гүлзарларында 171 миң жоогазын пайда болду.

Жоогазындар Жаштар аллеясы, Эмен паркы, Пушкин көчөсүндө Курманжан Датканын эстелигинин жанына, Театралдык сквер, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанына, Абдрахманов/Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, «Жомок» скверине отургузулуп, жазында шаардын көркүн ачат.

Өткөн жазда борбор калаада 160 миң жоогазын гүлдөгөн.

Белгилей кетсек, жоогазындар гүлдөп бүткөндөн кийин, анын түбү кылдаттык менен казылып, кургатылат жана кийинки күздө гүлзарларга отургузулат.

Количество просмотров: 123