Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Беш лаваш” жана “Мидос” фастфуд түйүндөрүндө массалык уулануу катталып, ууланууга шаурма себеп болгон. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.
«Жабыркагандар шаурмага ууланышкан. Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар. Калган алты адам амбулатордук дарылоодо. Тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жапырт ууланган окуяга байланыштуу чукул жыйын өткөрдү»,-деп жазылган маалыматта.