• Бейшемби 19 Бугу 2022
  • Четверг 19 Май 2022

Бишкекте №260 кичиавтобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү

15 мая 2022 в 11:37 Бишкек Govori.TV

Бишкекте №260 кичиавтобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны жума сайын өтүүдө.Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Бакай-Ата-Нооруз-Нургазиев көчөсүнөн жана андан ары өзүнүн кыймылынын схемасы боюнча каттаган №260 кичиавтобустун кыймылынын чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Количество просмотров: 170