• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкекте 29-сентябрда бир катар көчөлөр жабылат

27 Аяк оона 202419:59 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 29-сентябрь күнү «Snow Leopard Run-2024» бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Ала-Тоо» аянтында 4500 адамдын катышуусунда башталат.

Жарыш 5 чакырым, 14 чакырым, 21,1 чакырым аралыктарды, ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдардын жарышын камтыйт.

Жарым марафон борбордук көчөлөр аркылуу өтөт. Буга байланыштуу эртең мененки саат 6:00дөн баштап бир катар жол жабылат:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;

— Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;

— Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;

— Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин.

— Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Белгилей кетсек, иш-чараны мэриянын колдоосу менен Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.

Количество просмотров: 135