• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Бишкекте 4 автобустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт

9 Баш оона 202420:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 10-августта Горький көчөсүнүн Кунанбаев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүн унаа кыймылы үчүн жабуу пландалууда.

Ал эми 11-августта Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Буга байланыштуу №102, 162, 175, 212 автобустук каттамдарынын схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Жол кыймылынын схемалары менен төмөндөн таанышууга болот:

Количество просмотров: 333