• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте №80 жаңы автобус каттамы ачылды

22 Чын куран 20259:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында бүгүн, 22-апрелден тарта жаңы №80 муниципалдык автобус каттай баштайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, маршрут 12-кичи райондон келечектеги Ак-Кула ипподромуна чейин каттап, борбор калаанын 40тан ашык аялдамасын камтыйт.

Жаңы каттам Фрунзе, Токомбаев, Ахунбаев, Байтик баатыр, Сүйүмбаев жана Сүйөркулов көчөлөрү менен жүрөт.

Количество просмотров: 183