• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте бир катар автобус каттамдарынын кыймыл өзгөртүлдү

7 Чын куран 202516:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерине байланыштуу Бишкектин Рыскулов көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилиши убактылуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер 7-апрелден 23-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул аралыкта айрым автобус жана кичи маршруттук каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт.

Алсак, №7, №34 жана №102 автобус каттамдарынын багыты убактылуу өзгөртүлүп, Жаш Гвардия бульвары аркылуу жүрүүдө.

Ошондой эле №133, №161, №173, №200, №211, №218 жана №290 микроавтобус каттамдарынын кыймыл багыты жарым-жартылай өзгөртүлүп, Жибек-Жолу проспектиси аркылуу айланып өтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап алууну сунуштайт.

Количество просмотров: 240