• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бишкекте 9-майда аскердик парад болбойт

14 Чын куран 2022 15:28 Бишкек Govori.TV

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында 9-майда аскердик парад болбойт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

Иш-чарага согуш жана эмгек ардагерлери, чет мамлекеттердин аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышат.

Эске салсак, Кыргызстанда былтыр дагы 9-майда митинг-реквием өтүп, ага президент Садыр Жапаров баштаган мурдагы жана учурдагы жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер катышкан. Анда өчпөс отко гүл коюлуп, согушта курман болгондорду бир мүнөт аза күтүү менен эскерилген.

Количество просмотров: 193