• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте ачык асман алдындагы музыкалык кече болот

17 Баш оона 2018 11:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
Бишкектеги Юлиус Фучик паркында, бүгүн саат 19:00 дан 21:00гө чейин кезектеги ачык асман алдындагы музыкалык кече өтөт.  Бул туурасында мэриянын басма-сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечеде  “Доор”,-фольклордук ансамбли, Бишкек мэриясынын оркестри жана мекенибиздин эстрада жылдыздары Каныкей Раймалиева, Фарида Омурзакова, Жылдыз Тутуева, Кымбат Самудинова, Аксай Мукамбет уулу жана башкалар өнөрлөрүн тартуулашат.
Количество просмотров: 57